
Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленскийди «шайлоосуз отурган диктатор» деп атап, ал «тезирээк кыймылдабаса өлкөсүнөн кол жууйт» деп сындады. Трамп мындай пикири менен Truth Social cоциалдык тармагына бөлүштү.
«Ал арада биз согушту токтотуу боюнча Орусия менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени бул Трамп жана Трамптын администрациясынын гана колунан келээрин баары мойнуна алып жатат», — деп кошумчалады америкалык лидер.
Ал украин лидерин «АКШ жана Трампсыз өзү эч качан жайгара албаган согушка аралашып, Американы 350 миллиард доллар сарптоого көндүргөн», — деп сындады.
Трамп ошондой эле Зеленскийди «шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатканы үчүн» айыптады. Ал украин президентинин рейтинги төмөн экенин дагы бир ирет белгиледи.
Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.
Булак: Азаттык