Россиянын “Пятница” телеканалында көрсөтүлгөн “Царица” музыкалык долбоорунунун финалында кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбекова 46,59 упай топтоп, экинчи орунду ээледи.
“Бүгүнкү аткаруу өзгөчө кыйын болду. Анткени ыр кыйын. Жогорку ноталар да бар. Долбоордун бүтүп жатканы өкүнүчтүү. Долбоор мага абдан жакты”,- деди Бегимай Турусбекова көшөгө артындагы маегинде.
Ал эми долбоордун жеңүүчүсү болуп 49,62 упай топтогон Светлана Ларионова табылды.