
«Цум Айчүрөк» соода борборунда өрт чыкканын окуяга күбө болгондор билдирди.
Алардын айтымында, соода борборундагы адамдар эвакуацияланып, сыртка чыгарылып, эшиктери жабылган. Имарат түтүн жыттанып турган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн саат 18:25те нөөмөт бөлүмүнө чакыруу түшүп, өрт болгон жерге 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.
Ал эми өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин өчүрүлгөнү маалым болду.