
Бүгүн, 22-январда Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын жетекчилигине Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тарабынан бир катар маанилүү тапшырмалар коюлду. Бул тапшырмалар компаниянын ишин дагы да жакшыртуу жана социалдык долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
1. Коррупция маселеси боюнча алдын алуу иштери – МИКтин кызматкерлери коррупцияга аралашпашы үчүн алдын ала иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды. Бул чечим компаниянын ишенимдүүлүгүн камсыздоо жана жарандардын ишенимин арттыруу максатында кабыл алынды.
2. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу – МИКтин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү тапшырмасы коюлду. Бул компаниянын кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
3. Президент Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу – МИКке Талас, Кара-Балта, Токмок, Сокулук, Айдаркен, Кемин, Кант шаарларында жана Ысык-Ата районунда жаңы ипотекалык үйлөрдү куруу тапшырмасы берилди. Бул жерлерде курулуш иштерин жүргүзүү аймактардагы жарандарды турак жай менен камсыздоого жардам берет.
Бул тапшырмалар МИКтин ишмердүүлүгүн дагы да эффективдүү кылууга жана ар бир жарандын өз үйүнө ээ болушуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.