Туманбаев: «Ушул спортчулар, маданият өкүлдөрү, акын-манасчылар мамлекеттин саясатына аралашпай эле койсо!»

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасына кенен билдирүү жазды. «Мамлекет спортчуларга көңүл буруп, үй жана машина берип, эң жогорку сый-урматты кылып келе жатат. Алардын жеңиштери намыс алып келгенин баалайм. Бирок ушул спортчулар, маданият өкүлдөрү, акын-манасчылар мамлекеттин саясатына аралашпай эле койсо! Азыр туу маселесинде бир спортчубуз “мен жаңыны көтөрбөйм” деп айтыптыр. Башкы символиканы сыйлабаса, ага жараша мамлекеттен жообун алат», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.

«Учурунда айтпаса, сөз атасы өлөт дейт. Менин бул жазганым айрымдарга жакпай калышы мүмкүн, бирок чындык ачуу болот.

Мамлекет спортчуларга көңүл буруп, үй берип, машине, эң жогорку сый урматты кылып келе жатат. Албетте алардын жеништери, намыс алып келгенин баалайм. Бирок ушул спортчулар, маданият өкүлдөрү, акын-манасчылар мамлекеттин саясатына аралашпай эле койсо!

Азыр туу маселесинде бир спортчубуз “мен жаңыны көтөрбөйм”-деп айтыптыр. Башкы символиканы сыйлабаса, ага жараша мамлекеттен жообун алат. Дегеле, спортчулар мамлекеттин сый урматына жараша жүргөнү оң. Жакында эле ОПГны жок кылып жатканда дагы бир канчасы аза күтүп, бандиттерге жан тартышкан. Эми туу маселесинде мамлекеттик чечимге аралашып жатышат.

Ошондой эле, мамлекет акындарга, манасчыларга көнүл буруп, шарт түзүп, айлык коюп берди. Мура мындай шарт каралган эмес. Маданияттын өкүлдөрү дагы ашкере саясатташып кеткенин байкадым.

А болбосо элди ынтымакка үндөй турган ушулар эле… Бүт баары дебейм, арасындагы активдүү чакырык таштап жаткандарын айтам…Ынтымак бар жерде ырыс бар…Мыйзам баарыбызга бирдей».-деп билдирди Туманбаев.

22 Декабрь 2023 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча