Tunduk тиркемеси аркылуу бир катар документтерди экинчи ирет онлайн алууга шарт түзүлдү

Tunduk тиркемеси аркылуу бир катар документтерди экинчи ирет онлайн алууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми жарандар никени каттатуу жана бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү боюнча күбөлүктү, ошондой эле өлгөндүгү боюнча маалымкатты аралыктан алса болот.

Бул документтерди алуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо зарыл:

кызматты тандаңыз;

күбөлүктүн түрүн тандаңыз;

керектүү маалыматтарды киргизиңиз;

жеткирүүнү тандаңыз (зарыл болсо);

сүрөт идентификациясынан өтүңүз;

булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз;

жооп алгандан кийин акчасын төлөңүз (MegaPay менен төлөсө болот);

Күбөлүктү жеткирүү баасы 142 сомду түзөрү кошумчаланды.

10 Декабрь 2024 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча