Турак үйгө кошулуп бир адам күйүп өлдү

Ошто турак үйдөн өрт чыгып, адам өмүрү кыйылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунун Кара-Суу районунда бүгүн, 25-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Киров айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 2 офицер тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. 

Алдын ала маалымат боюнча өрт электр жылыткычтан чыгып, натыйжада болжол менен 50 жаштагы эркек киши каза болгон. 

Аты-жөнү такталууда.

25 Февраль 2025 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча