Тууну өзгөртүүгө каршы активист абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту активист Афтандил Жоробековду камакта калтырды. Бул маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.

25-декабрда шаардык сот Свердлов райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Жоробеков 2024-жылдын 7-февралына чейин СИЗО-1де камакта болот.

Афтандил Жоробеков Кыргызстандын желегин өзгөртүүгө каршы чыгып, 9-декабрда митинг өткөрүүнү пландаган. 7-декабрдын кечинде кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандык) менен айыпталууда.

26 Декабрь 2023 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча