Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Минскке барат

12-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Минскке барат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Анда министр Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибинде жана шериктештиктин алкагында өз ара аракеттерди , КМШ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына киргизилген долбоорлорду чечүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КР тышкы иштер министри Юорбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин жетинчи жолугушуусуна катышууну пландап жатат. Ал КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинен кийин өтөт.

11 Апрель 2024 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча