Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Израиль менен Ливанга барбай турууну сунуштады

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Израиль менен Ливанга барбай турууну сунуштады. Мындай билдирүүнүн тышкы ведомствонун маалымат кызматы таратты.

Кабарга ылайык, мындай чара Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу болуп жатат.

Ошондой эле министрлик Ливан менен Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн айтты.

Белгиленген өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары үчүн Кувейттеги элчиликтин +96525359951, Түркиядагы элчиликтин (+905456896800 жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрылса болору айтылды.

25 Июнь 2024 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча