
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы мекендештерге карата сактык чаралары боюнча кайрылуу таратты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Корея Республикасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасынын аймагында жүргөн КР жарандарын сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылдык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат.
Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз.
«Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу кайрылууну суранабыз: +82 10 9798 0951», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 15-январда бийлик Түштүк Кореянын импичмент жарыяланган президенти Юн Сок Ёлды камакка алган.
Кийинчерээк бийликтен кулатылган президенттин тарапкерлери саясатчыны камакка алуу чечимин чыгарган Сеул сотунда тополоң чыгарган.