УКМК аткаминерлерге, байларга, ишкерлерге эскорт жана интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталганын билдирди

УКМК тарабынан жогорку кызматтагы аткаминерлерге, байларга, ишкерлерге эскорт жана интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, анын уюштуруучулары колго түшүрүлдү.

20-февралда 160-беренеде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мессенджерлер аркылуу интим жана эскорт кызматтарын көрсөткөн Whatsapp жана Telegram мессенджерлериндеги топтордун администраторлору Ысык-Ата районунун Интернациональное айыл аймагында кармалды.
Аталган интернет чаттарында сулуулар сынагынын катышуучулары, Instagram жана Tik Tok социалдык түйүндөрүндө популярдуу болгон 18 жаштан 25 жашка чейинки 15ке жакын модель кыздар 300-5000 долларга интимдик кызмат көрсөтүүгө тартылган. Мессенджерлердеги топтордун администраторлору кыздарды коңшу өлкөлөргө: Алматы (Казкстан), Дубай (БАЭ), Анкара жана Стамбул (Түркия) шаарларына интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн жиберип турушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.О.В жана Р.О.Ю. аттуу кыргыз жарандары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары Бишкек шаарындагы отелдерде эскорт кызматын көрсөткөндөр кардарлары менен кармалды.

Учурда УКМК тарабынан ушуга окшогон топтордун уюштуруучуларын, ошондой эле мыйзамсыз интим кызматын көрсөткөн кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

26 Февраль 2024 жыл 13:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча