УКМК тарабынан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч келтирген энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматы кабарлады.
Тактап айтканда, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштургандыгы, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоодон жана бурмалоодон көрүнүп турат.
Атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен мурда алынган маалыматтар тастыкталды.
Анын алкагында 2024-жылдын 27-майында жеке ишкерден 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «С.Э.С.» кармалды.