УКМК кармаган Кочкордун мурдагы акими каза болду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков көз жумду. Бул тууралуу «Кактус медиа» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал 27-декабрда ооруканада 69 жашында дүйнө салды.

Курманбек Байтереков 30-ноябрда кармалган. Мурдагы аким жана «Ак-Суу» базарынын ээси сойкукана уюштурууга шектелген. Анын саламаттыгы начарлап, тергөө абагынан ооруканага которулганы кабарланат.

29 Декабрь 2023 жыл 10:03

Тема боюнча