УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөндөрдү кармаганын маалымдады

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин активдүү жардамы  менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган адамдардан опузалап акча талап кылуу жана өндүрүү фактыларын аныктап, бөгөт койду.

Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан акчалай компенсация алуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайдын ичинде ээн-эркин жүрүп, камераларга кирип, соттолуучуларды сабап, ири суммадагы акча талап кылгандыгы аныкталды.

Ошол эле учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү камактагылардын туугандарына жана тааныштарына  телефон чалып,«MegaPay», «O!Money» жана «МБанк» электрондук капчыктарынын номерлерине акча которууну  мажбурлашкан. 

2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жогорудагы схема боюнча Убактылуу кармоочу жайлардын туткундарынан 6,5 миллион сом алып, кийин «жалпы фонд» деп аталган каражатка чегерилгени такталган.

2024-жылдын 21-февралында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад шаардык ОИИБ УКЖнын мурдагы башчысы С.у.Н., Ош шаарынын 25 - сизосунун "положенеци" А.Т.К. жана Жалал-Абад шаарынын ШИИБ УКЖнын “смотрящийи"болуп саналган М.М.А. уюшкан кылмыштуу схеманын уюштуруучулары - уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жогорудагы УКТ мүчөлөрүнүн курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарга телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Тел: УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы- (03722) 5-60-49

22 Февраль 2024 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча