УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаровду кармады

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаровду кармады.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, УКМКнын Чүйдөгү башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү менен Октябрь районудук соту 8-августта Салайдин Айдаровду 4-сентябрга чейин камакка алган. Ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Мурдагы депутат Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча шектелүүдө.

Салайдин Айдаров Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.

Буга чейин УКМК уюшкан кылмыштуу топтуу каржылоого шектеп ишкер, мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаевди кармаган.

13 Август 2024 жыл 7:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча