Уксус ичип алган баланы куткарып калган кайгуул кызматынын кызматкерлери сыйланды

Бишкек ШИИБдин жетекчилиги кичинекей шаар тургунунун өмүрүн сактап калган үчүн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерин сыйлады.

11-мартта саат 18:30 чамасында милициянын ага лейтенанты Кубаныч Абдыкулов жана Мирлан Таалайбеков адаттагыдай эле нөөмөттө болушкан. Ошол маалда аларга борбор калаанын жашоочусу Рамазан аттуу кичинекей баласы үйүндө кокусунан уксус кислотасын ичип алгандыктан жардам сурап кайрылган.

Ошол замат инспекторлор аялды жана анын уулун отургузуп алып, №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткиришкен. Маалым болгондой, учурда баланын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле, Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Айбек Ажыбаев кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кынтыксыз кызматы, эрдиги, кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, милиция кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

Мындан тышкары, жакшы салт боюнча Бишкек ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Гайрат Рахмановду куттуктап, куттуктоо баракчасын тапшырды.

18 Март 2024 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча