Улукбек Жолдошбеков Азия чемпионатында коло байге утту

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков (65 кг) Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге утту.

Жолдошбеков таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде ирандык балбан Рахман Амузадхалилиге 4:2 эсебинде жеңилди. Бирок ирандык спортчу финалга өткөндүктөн, Жолдошбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшө турган болгон.

Көңүл жубатуучу кармашта ал кореялык Сонхо Юну 14:4 эсеби менен жеңип, үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Ал эми коло үчүн беттеште Жолдошбеков өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде жеңди. Жолдошбеков уткан коло медаль — Кыргызстандын Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатындагы алгачкы байгеси.

11 Апрель 2024 жыл 19:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча