
Улуттук банк «Керемет банкка» карата салынган санкция тууралуу маалымат тарап жатканына байланыштуу комментарий берди.
Ага ылайык, бүгүнкү күндө банк сектору туруктуу, тышкы мүнөздөгү ар кандай тобокелдиктерге туруштук бере ала турган жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ.
«Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат жана кардарларга үзгүлтүксүз негизде банктык кызматтарды көрсөтүүдө. Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу.
Кыргызстандын банк системасына санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.
Зарыл болгон учурда Улуттук банк банк системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо үчүн кошумча чараларды көрөт, ошондой эле кошумча инструменттерди колдонууга даяр»,-деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ,15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, Кыргызстандагы «Керемет Банкка» санкция салганы белгилүү болду.