Алиев Бектур Кубанычбекович Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин 27-августта Улуттук банктын төрагасынын дагы бир орун барасы кызматына Азат Козубеков дайындалган.
Эскерте кетсек, 23-августта президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, эки орун басары Манас Жакыпов жана Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келип, экономикага терс таасирин тийгизүү менен бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлордун алдында ишенимди жоготуу коркунучун жараткан.