«Улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактан эки адам каза болду

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер айылынын тургуну 1954-жылы туулган жарандын денесинде октон алган жаракаты менен дансыз денеси жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын экинчи тургуну 1986-жылы туулган жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.

Окуя болгон эки тарап тең бир улуттан жана алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес.

Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

23 Сентябрь 2023 жыл 8:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча