Унаа майын алмаштыруучу жайдан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Борбор калаанын К. Акиев көчөсүндө жайгашкан унаа майын алмаштыруучу жайдан чыккан ири өрт саат 18:24тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрттүн жалыны май алмаштыруучу жайга жанаша салынган дүкөндүн кампасын жана турак үйдүн чатырын каптаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен жакын жайгашкан экинчи үй сакталып калды. Ал эми май алмаштыруучу жай толугу менен өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоонун жалпы аянты 500чарчы метрди түзгөн.

Бактыга жараша кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык Өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнөн саат 14:58ден тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 40 өрт өчүрүүчү, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Штабы тартылган.

Мындан сырткары жеринде ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматы, “Бишкекгаз” кызматы, РЭТтен 1 бригада иш алып барды.

19 Декабрь 2023 жыл 22:57

Тема боюнча