Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 13-сентябрда, ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин автоунаа каражаттарын каттоо бөлүмдөрүнүн иши үзгүлтүккө учурап жатканы байкалууда.

Мекеменин маалымат кызматы муну айрым маморгандардын автоматташтырылган маалымат системасынын иштебей жатканы менен байланыштырды. Учурда кемчиликтерди жоюу аракеттери көрүлүүдө.

ИИМ маселе чечилип жатканын айтып, кайрылгандардан кечирим сурады.

13 Сентябрь 2023 жыл 10:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча