Унаа жарыш уюштурган блогерлер айыпталды

Блогерлер Аман Байсеитов жана Арген Керимов («Сигма») Бишкек шаарында унаа жарыш уюштуруп, видеосун социалдык тармактарга бөлүшүшкөн.

Милициянын кайгуул кызматы аталган блогерлерге унаа менен бейбаштык кылганы үчүн 15 миң сомдон айып салды.

Ал эми Аман Байсеитовдун «BMW» үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулса, Арген Керимов учурда Кыргызстанда болбогондуктан анын унаасын жакынкы күндөрү айып короого киргилери кошумчаланды.

11 Февраль 2025 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча