Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын коллегиясында борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландарга токтолду.
Анын айтымында, мэрия Кытайдын Циндао университети менен биргеликте экологиялык коопсуздук маселелери боюнча эксперттер тобун түзгөн.
2024-жылы бул топ үч ай бою Бишкекте изилдөө жүргүзгөн.
«Турак жайларда жана уюмдарда, анын ичинде бала бакчаларда көмүр отканаларын колдонуу маселелери изилденди. Изилдөөдө эски от казандарды заманбап көмүр отканаларына алмаштыргандан кийин көрсөткүчтөр стандарттарга жооп бергени аныкталган. Мындан улам шаар мэриясы экологияны жакшыртуу максатында заманбап көмүр отканаларын орнотууну сунуштайт. 2025-жылы мындай от казандарды шаар боюнча кеңири жайылтуу пландалууда», — деп белгиледи мэр.
Дагы бир маселе Бишкектеги унааларда катализаторлордун жоктугу менен байланышкан.
«Бишкекте катализаторлорду унаалардан чыгарып алып, андан соң аларды сатуу бизнеси өнүгүүдө. Себеби катализаторлордун курамында платина, палладий, родий сыяктуу дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору болгон баалуу металлдар бар. Министрлер кабинети тарабынан киргизилген чектөөлөргө карабастан, рынок активдүү өнүгүүсүн улантууда», — деди мэр.
Буга байланыштуу Циндао шаарынан келген эксперттер жаңы газ тазалоо системаларын унааларга орнотуп, аларды сыноодон өткөрүштү. Жаңы системалар орнотулган соң, анын натыйжалары стандарттарга шайкеш келген.
«Келечекте катализатору жок унаа ээлерине бул системаларды жеткиликтүү баада орнотуу сунушталат. Орнотуунун орточо баасы 5 миң сомду түзөт. Мурда болсо катализаторлордун баасы 700-1000 долларды түзчү», — деп кошумчалады Айбек Жунушалиев.