Унаасына газ куюу үчүн айдоочулар беш, алты сааттап кезек күтүшүүдө

Акыркы күндөрдө Бишкекте унаа үчүн газ тартыш болуп жатканын шаардыктар социалдык тармактарда жазып жатышкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайты иликтеген маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Унаа үчүн газ бүгүнкү күндө 1 сомго кымбаттаган. Шаар боюнча унааларга газ куйган жайлар абдан аз, газ бар жерлерде узун кезек пайда болуп жатат. Унаасына газ куюу үчүн айдоочулар беш, алты сааттап кезек күтүшүүдө.

Дал ушундай газ тартыш болуп жаткан учурда анын наркы кымбаттай баштаганы да байкалат.

Мисалы, аз мурда 36,9 сом турган газ бир аздан соң 37,4 сомго чыккан. Кымбаттоо муну менен токтобой турганы да айдоочулар арасында айтылууда. Айдоочулар газ абдан тартыш болуп жаткан учурда дароо 1 сомго кымбаттаганын билдиришкен.

Айрым айдоочулар жасалма тартыштык түзүп, анын аркасы менен газдын баасын кымбаттатуу жүрүп жатканын белгилешти. Анткени жайында да унаага куйган газ тартыш болуп, ал кенен пайда болгондо баасы алты сомго кымбаттаганы да белгилүү.

Суюлтулган газды мамлекетке алып келүүгө милдеттүү ишканалар мындай тартыштыкты жоюуга бардык аракеттерин жасап жатканын гана айтышууда.

24 Ноябрь 2024 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча