Унду экспорттоого тыюу салынды

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстандан алты айга ун менен буудай ташып чыгууга тыюу салынганын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Мындай чара республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааны турукташтыруу максатында көрүлгөн.
Эскерте кетсек, Россиядан Казакстан аркылуу буудай ташууда көйгөй жаралып, казак унунун баасы көтөрүлүп кеткен.

Айыл чарба министрлиги өлкөдө буудай жетиштүү, тынчсызданууга негиз жок экенин белгиледи. Өткөн жуманын аягында Матрезервден 40 тонна буудай чыгаруу чечими кабыл алынган.

Ун маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. 21-сентябрда УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев депутаттарды жөн жерден ызы-чуу чыгаруудан алыс болууга чакырган.

25 Сентябрь 2023 жыл 11:45

Тема боюнча