УТРК директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты.
Маалыматка ылайык, тараптар жарашкандыктан Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп тергөө абагынан бошоткон.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган.
Адыл Акжол уулу кармалганы 12-августта белгилүү болгон.