КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди
«Жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Тийиштүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду»,-деп айтылат маалыматта.