WhatsApp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан жазып, акча алууга шектүү кармалды

12-февралда ИИМдин кызматкерлери WhatsApp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча каражаттарын ээлеп алуу максатында жарандарга СМС билдирүү жөнөтүп жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2006-жылы туулган жаран аныкталган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 8 даана банктык карта, 176 сим-карта, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган. Кармалган жаран ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

21 Февраль 2025 жыл 9:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча