Ырчы Алихан акталды

Ырчы Алиханды сот актады. Бул тууралуу анын жактоочусу социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Октябрь райондук сотунда ырчы Роза Аманованын Токтогул шаарында жайгашкан базарга байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча жазган арызы каралып, ырчы Алихан акталды. Бул иштин айынан Алихан алты айдан ашык СИЗОдо кармалып, үй камагында болчу. Акыйкаттык бар экен», — деп жазган ал.

Октябрь райондук соту  «Соттун 11-марттагы чечими менен акталды. Буга кылмыштын курамы жок болгону себеп болду. Ал эми айыпталуучу С.Б. (ред. ырчынын апасы) далилдердин жетишсиздиги үчүн акталып, мамлекеттин пайдасына 500 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды», — деди.

12 Март 2024 жыл 14:34

Тема боюнча