Ырчы Бакыт Мамаев жандандыруу бөлүмүндө жатат. Операция жасатууга жардам керек

Ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев оор абалда ооруканада. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жээни Нуркыз Рыскул кызы билдирген..

Анын айтымында, унаада бара жатып эле өзүн начар сезе баштаган. «Ооруканага алып барса, мээсине кан куюлуп кетиптир. Кан каракуш мээге уюп калып, мээни кысып жатыптыр. Операцияга 7-ноябрга чейин 10 миң доллар керек экен», — деди ал.

Ал ошондой эле Мамаевдин учурда Бишкектеги ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Мбанк: 0773876789 (Бактыбек М)

Банк эсеби: 4177490161386687

3 Ноябрь 2023 жыл 14:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча