Ырчы Кыздаркан Келдибекова каза болду

Ырчы, Маданияттын мыкты кызматкери Кыздаркан Келдибекова көз жумду. Бул тууралуу ырчынын сахналаш жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, ырчы айымга 1 жыл мурда жүрөгүнө операция жасалган, ошондон улам абалы начарлап кеткени айтылды.

Кыздаркан Келдибекова 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында төрөлгөн. Ал элге «Ак тилек» «Телефон чалып тур», «Ойлодуң бекен?», «Сүйүү жазы» жана башка ырлары менен таанылган.

BIA.KG маалымат агенттиги Кыздаркан Келдибекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

5 Февраль 2024 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча