Ырчы Примбердиев жубайы менен ажырашты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жубайы Эльвира Бегалиева менен эки жолго түшкөнүн ачыктады.

«Эки жолго түшсөк да, тилегибиз, оюбуз бир! Балдарыбызга татыктуу билим, жакын болбосок да, татыктуу тарбия берүү. Мен сени менен өткөргөн 11 жылыбыздын ар бир мүнөт, секундуна ыраазымын! Болгону экөөбүз жашоодо бири-бирибизге аткара турган роль, вазыйпабызды аткарып бүттүк окшойт. Жүрөгүмдө 1 грамм таарынычым жок. Билем, сен да мага ыраазысың жана таарынычың жок. Мен жаныңда болбосом да, бардык колдон келген колдоомду көрсөтүп турам! Сага аялдык, адамдык бакыт каалайм. Ыраазымын сага!» — деп жазды ал.

Жубайы да пост жазып, эки жолго түшкөнүнө эч кимди күнөөлөбөй турганын жазды. «Биз жөн гана бир толкунда болбой калдык», — деп жазды жубайы.

20 Октябрь 2024 жыл 9:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча