«D Billions» актеру, «Клап! Клап! Ча-Ча-Ча!» ыры менен белгилүү Жонни балалуу болду.
Ырчы Жоннинин жубайы көз жарганын соцтармактагы баракчасына жазды.
“Биз ата-эне болдук”,— деген ырчы жубайына ыраазычылык билдирди.
Ырчы буга чейин наристе күтүп жатканын ачыктаган. Алар кутудан учуп чыккан шар менен наристенин уул болорун билишти. Жонни 2020-жылы декабрь айында үйлөнгөн.