Ысык-Ата районунда өсүмдүк майын чыгаруучу завод ачылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өсүмдүк майын чыгаруучу завод ачылганын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Айыл чарба продукциясын чийки зат түрүндө гана эмес, кайра иштетүү жолу менен өндүрө турган болсок, аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө чоң стимул болот. Калктын кирешеси жогорулайт», — деди айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев.

Заводдо айына үч миң тоннага чейин чийки зат иштетилет. Продукциянын бир бөлүгү экспортко (анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү бар) кетет. Заманбап жабдуулар колдонулгандыктан жогорку сапаттагы май өндүрүлөрү белгиленди. Учурда ишканада 20 адам иштейт. Мамлекет заводду жеңилдетилген насыя менен колдоп, өндүрүштү кеңейтүүнү көздөп жатат. Жакынкы аралыкта бул жерде 100 жумушчу ордун түзүү пландалууда.

12 Декабрь 2024 жыл 16:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча