Ысык-Көл менен Ноокатта шайлоо күнү белгиленди

№ 5 Ноокат бир мандаттуу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 30-июнда өтөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Ноокаттан шайланган депутат Жусупбек Коргонбай уулу жана Ысык-Көлдөн эл өкүлү Максатбек Сарбагышов өз арызы менен мөөнөтү бүткөнчө эле өткөн аптада мандатын тапшырышты.

Алар бул кадамынын себебин түшүндүрүшкөн жок.

30 Апрель 2024 жыл 18:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча