Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Бостери жана Тамчы айылдарында уланууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүдө Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардын мыйзамсыз деп аныкталган курулмаларынын ээлери жана ижарачылары менен Нурдан Орунтаев түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чарага директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо жана жергиликтүү аймактын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктары катышууда.
Мындан ары да көл жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды буздуруу боюнча иштери уланат.

