Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди (тизме)

Ысык-Көл облусунда 23 курулуш объектиси текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдде курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук документтерге шайкештиги, курулуш ченемдери менен эрежелеринин, техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы, ошондой эле тармакта киргизилген жаңы талаптардын аткарылышы каралды.

Аталган объектилер төмөндөгүлөр:

  1. Кара-Ой айылы, “Турпан Парк” эс алуу борборунун апартаменттери, коттедждери жана кафеси — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  2. Кара-Ой айылындагы апартаменттердин жана кафенин курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  3. Сары-Ой айылы, “Терма” мейманканасы — “СК Авангард Групп” ЖЧКсы;
  4. “Фонтан Плюс” эс алуу аймагындагы конок үйлөрү жана коттедждери— “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  5. “Алтын-Кум-Плюс” эс алуу борборунун курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  6. Кара-Ой айылы “Турпан” эс алуу борборунун көп кабаттуу имараттарынын курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  7. Кара-Ой айылы, “Турпан Резорт” эс алуу борборунун административдик комплекси — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  8. Кара-Ой айылы, “Турпан Резорт-2” эс алуу борборунун курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  9. Тамчы айылындагы 4 кабаттуу 10 корпустун курулушу — “Елизавета” ЖЧКсы;
  10. Кара-Ой айылы, “Форте Вилладж” эс алуу борборунун коттедждери — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  11. Кара-Ой айылы, “Турпан Резорт-2” эс алуу борборунун коттедждеринин курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
  12. Тамчы айылы, “СКБ”, казино, апартаменттер жана конок үйлөрү жайгашкан эс алуу борборунун курулушу — “Елизавета” ЖЧКсы;
  13. Тамчы айылы, “Урпак Резорт” эс алуу борборунун курулушу — “Кыргыз Инвест Строй” ЖЧКсы;
  14. Кара-Ой айылы, “Ак-Бермет” эс алуу аймагындагы 5 кабаттуу апартаменттердин жана коттедждердин курулушу — “Кап Строй Кей Джи” ЖЧКсы;
  15. Шайыбек Ата айыл аймагы, “One Resort” эс алуу борборунун курулушу — “Монолит Капитал Строй” ЖЧКсы;
  16. Шайыбек Ата айыл аймагындагы 5 кабаттуу апартаменттер — “Севен Девелопмент” ЖЧКсы;
  17. Чок-Тал айылындагы эки кабаттуу 4 конок үйүнүн курулушу — “Эксперт Логистик” ЖЧКсы;
  18. Бостери айылы, “Даймонд Резорт” эс алуу борборунун курулушу;
  19. Бостери айылындагы көп батирлүү турак үйдүн курулушу — “ЦА Инвест Строй” ЖЧКсы;

20. Бостери айылы, “Имарат Резорт” эс алуу борборунун курулушу — “Имарат Строй” ЖЧКсы;

21. Чолпон-Ата шаары, “Ак-Кеме Резорт” эс алуу борборунун курулушу — “ТАНАР Групп” ЖЧКсы;

22. Тамчы айылы, «Тамчы-Резорт» эс алуу борборунун курулушу — «Авангард Резорт» ЖЧКсы;

23. Бостери айылы, «Номад» туристтик комплексинин аймагындагы эки кабаттуу конок үйлөрү — «Браво Билд» ЖЧКсы.

16 Ноябрь 2026 жыл 9:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча