Ысык-Көлдө 6-класстагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 6-класстын окуучусунун жансыз денеси үйүнөн табылды. Маалыматты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Окуя 20-февраль күнү саат 11:00дөр чамасында болгон. Райондук билим берүү бөлүмүнөн журналисттерге билдиришкендей, бала классташтары менен жакшы мамиледе болгон жана акыркы убакта жакшы окууга аракет кылып жаткан.

Факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

26 Февраль 2024 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча