Ысык-Көлдөгү Ак-Суу эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгынын имараты өрттөндү

Бүгүн түнкү саат 2лер чамасында Ысык-Көлдөгү Ак-Суу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын имараты өрттөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт өз убагында өчүрүлдү, жабыркагандар жок.

«Азыр имарат жараксыз абалда», — деп кошумчалашты ведомстводон.

6 Февраль 2024 жыл 8:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча