6-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын имамы Азат Ашировго аталган айылдын жаштары биригип, каражат топтоп, HONDA TORNEO үлгүсүндөгү унаа белек кылышты. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имамы Талантбек Акылбек уулу билдирди.
Анын айтымында, унааны атайын жаштар демилге көтөрүп, өз ыктыярлары менен имамдын көп жылдык эмгегин баалашып, белек катары тартуу кылышкан.
Азат Аширов аталган айылда имамдыкты аркалап келе жатканына 7 жылдан ашты. Диний жогорку билимдүү.