Ысык-Көлдүн жээгинде унаа айдаган айдоочуга айып салынды

Ысык-Көлдүн жээгинде унаа айдаган айдоочуга 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда Jeep Wrangler  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ысык-Көлдүн жээгине чейин унаасын киргизип, айдап бара жаткандыгы тартылган видео тараган.

Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаанын ээсин табышкан, ал 1993-жылы туулган А.А. аттуу айдоочу экендиги аныкталган.

Укук бузуу кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ага 15 000 сомго айып салынган. Айдоочу кылган туура эмес жоругун мойнуна алып, коомчулуктан кечирим сурады.

13 Апрель 2024 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча