Ысык-Көлдө скутер тебүүгө тыюу салуу сунушталууда

Ысык-Көлдө гидроцикл (скутер) тебүүгө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Элдар Сулайманов иштеп чыкты.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, акыркы жылдары Ысык-Көлдө гидроциклдин катышуусу менен болгон кырсыктар көп катталып, анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Аны менен бирге гидроциклдин майы көлдүн сууну менен аралашып экологияга терс таасирин тийгизүүдө. Аны менен бирге сууга түшкөн эс алуучулардын ден соолугу үчүн кооптуу.

Мындан улам депутат Ысык-Көлдө эс алуу же спорттук багытта гидроциклди пайдаланууга тыюу салууну сунуштоодо. Суу мотоциклин өзгөчө кырдаалдарда гана колдонууга уруксат берилет.

Мыйзам бузган жарандарга 5 миң сом айыппул салуу каралган. Эгер бул жосун кайталанса, 15 миң сом айып салынат.

Ал эми юридикалык жактар үчүн 10 миң сом айып каралган (кайталанган учурда 20 миң сом айыпка жыгылат).

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды, бирок азырынча карала элек.

25 Июнь 2024 жыл 10:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча