Ысык-Көлдө жаранды эки жолу атууга шектелген депутат кармалды

ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык кеңештин депутатын бейбаштыкка шектүү катары кармашты. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, июнь айынын башында ИИМге арыз менен Чолпон-Ата шаарынын тургуну Ы.Б.  кайрылган. Анда ал  2022-жылдын октябрь айында шаардык кеңештин депутаты А.У. себеби жок травматикалык тапанча менен аны эки жолу атып, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. 

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган. 

Жабырлануучу укук коргоо органдарына кеч кайрылуусунун себебин депутат К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, өз өмүрү жана ден соолугу үчүн корккондугу менен түшүндүргөн. 

Аталган окуя боюнчан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Ысык-Көл облусунун аймагында 1979-жылы туулган А.У.  кармашты.

Кармалган жаран  А. У. Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз республикасынын жазык процессуалдык кодексинин 96 беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайында киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

20 Июнь 2024 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча