Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковго сөгүш жарыяланды

Министрлер кабинетинин коллегиясында Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Анын нотариус тармагындагы иштериндеги кемчиликтер айтылды.

Белгилей кетсек, кечээ өткөн коллегияда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов кызматынан бошотулуп, Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров жана Таластын акими Нургазы Нармырзаев сөгүш алышты.

1 Август 2024 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча