Өзүн «Камчыбек Ташиев» деп атаган депутат кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта УКМК кабарлады.

Маалымдалгандай, жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталган. Тагыраагы, ал 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.

Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

18 Март 2025 жыл 13:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча