УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле трансулуттук кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан ишинин алкагында 2023-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарынын аймагында Өзбекстан Республикасынын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган А.С.Ш. аттуу жараны кармалган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.С.Ш. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстан Республикасынын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды.Тактап айтканда, А.С.Ш. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Маалыматтарга ылайык, А.С.Ш. жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган».-деп жазылат маалыматта.
Учурда кармалган А.С.Ш. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстан Республикасына чыгарылды.