Өзбекстанда көп жылдан бери издөөдө жүргөн аял Түркиядан табылып, Өзбекстанда өткөрүлүп берилди. Ал Т.К. аттуу 1980-жылы туулган аял болгон.
Бул аял Өзбекстандын ИИМи тарабынан 8 жылдан бери адам сатууга айыпталып издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Стамбулдагы Өзбекстандын башкы консулдугу билдирди.
Бул аялдан азап тарткан жарандарды Стамбулдагы башкы консулдукка же Өзбекстандын ИИМине кайрылууну суранышат.