Өзбекстанда коррупцияга тиешеси бар бир нече министрге чара көрүлөт

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңештин кеңейтилген жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев премьер-министр Абдулла Ариповго 117 министрлик жана мекемелердеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички көзөмөл жүргүзгөн түзүмдөрдүн жетекчилерин кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Президенттин айтымында, коррупция – реформалардын жолундагы эң чоң тоскоолдук жана негизги кедерги. Муну дүйнөлүк тажрыйба толук тастыктап турат.

«Коррупциянын дүйнөлүк экономикага жылына 3 трлн доллар чыгым алып келери – анын глобалдык коркунуч экенин далилдейт. Коррупция – бул мамлекетке, Конституцияга жана мыйзамдарга болгон ишенимди жок кылган жамандык, ошондой эле туруктуу өнүгүү менен коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратат», — деди Шавкат Мирзиёев.

Мамлекет башчысы министрликтердин аймактык тескөөчүлөрүн министр түз дайындап, системадагы коррупциялык көрүнүштөр үчүн жоопкерчиликти өзүнө алаарын жана аларга керт башы менен жеке жооп берерин белгиледи.

Шавкат Мирзиёев Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин ишине толугу менен нааразы экенин билдирди. «Агенттиктин кызматкерлери министрликтерди, аймактарды кыдырып, конкреттүү бир тармакты талдап, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштагандын ордуна, ачылган кылмыш иштеринин санын эсептеп, статистикага берилип кетишти», — деп сынга алды.

Ал ошондой эле парламенттин бюджеттик комитеттери жыл сайын бюджеттен эң көп каражат алган министрликтерге карата демилге көтөрбөй, алардын чыгымдалышын көзөмөлдөбөй, коррупциялык факторлорду жоюуга багытталган сунуштарды киргизбей жатканын белгиледи.

6 Март 2025 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча